BOOKS / LANGUAGES
Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Зыяндардын, жамандыктардын башы - жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан, жаман нерселерден сактануу “Таква” деп ааталат. Такыбаа - ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жок кылуу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы - куфур. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда бербейт. Зулумдук менен өлтүрүлгөн капыр шейит болбойт. Бейишке дагы кирбейт. Ыймансыз болгон адамдын эч кандай жакшылыгына сооп берилбейт. Бардык жакшылыктардын негизи - такыбаа. Бардык нерседен мурда такыбаа болууга аракет кылуу керек. Бардык адамдарга такыбаалуу болууну буюруу жана насаат кылуу керек. Дүйнөдө ырахатка, тынчтыкка жетүү, таттуу өмүр сүрүү, акыретте дагы чексиз азаптан кутулуп, түбөлүк жакшылыктарга, бакыттарга жетүү такыбаа менен гана болот. Жаман мүнөздөр көңүлдү оорулуу кылат. Бул оорунун күчөөсү көңүлдүн өлүүсүнө (куфурга) себеп болот. Жаман мүнөздөрдүн эң жаманы болгон ширк (куфур) - жүрөктүн эң жаман уусу. Ыйманы жок адамдын “Менин жүрөгүм таза. Сен жүрөгүмдү кара!” деген сөздөрү бекер. Өлгөн жүрөк таза болбойт. Куфурдун түрлөрү бар. Булардын ичиндеги эң жаманы, эң чоңу ширк болуп эсептелет. Бир жамандыктын түрлөрүн билдирүү үчүн көбүнчө булардын эң жаманы айтылат. Ошондуктан, аяттарда жана хадис-и шарифтерде кездешүүчү “ширк” сөзүнөн куфурдун бардык түрү деген маани түшүнүлөт. “Ниса” сүрөсүнүн 48 жана 116-аяттарында мушриктердин кечирилбей тургандыгы билдирилген. Ушул аяттар капырлардын Тозок отунда түбөлүк кала тургандыктарын билдирет  

Дин - адамдардын түбөлүк бакытка ээ болуулары үчүн Аллаху таала тарабынан көрсөтүлгөн жол. Аллаху таала Адам алейхиссаламдан бери ар миң жыл сайын пайгамбарлар аркылуу адамдарга дин жиберип турган. Адам алейхиссалам - алгачкы адам жана алгачкы Пайгамбар. Пайгамбарлар - Аллаху тааланын диндерин үгүттөөчү, жеткирүүчү, билдирүүчү адамдар. Жаңы динди алып келген пайгамбар “Расул” деп аталат. Ар кылым сайын эң таза адамды пайгамбар кылуу аркылуу диндерди кубаттандырып турган. Расулдарга баш ийген бул пайгамбарлар “Наби” деп аталат Бардык пайгамбарлар бир гана ыйман тууралуу айтышкан, б.а., үммөттөрүнөн бир нерсеге ыйман келтирүүлөрүн каалашкан. Адам алейхиссалам жана Мухаммед алейхиссаламдын билдирген ыйман негиздери бирдей. Бир гана жүрөк жана дене менен аткарыла турган амалдар жана сактануу керек болгон жагдайлар гана айырмаланып турган. Аллаху таала Расулдары аркылуу жиберген диндердеги бул сыяктуу жагдайлардын кээ бирөөлөрүн колдонуудан чыгарып, жаңы өкүмдөр киргизип турган. Ар бир дин өзүнөн мурда келген диндин өкүмдөрүн жоюп турган.

Адам алейхиссаламдын заманынан бери ар бир динде бир маал намаз бар болчу. Бардыгы чогултулуп, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө фарз кылынды. Намаз окуу ыймандын шарты эмес, бирок, намаздын фарз экенине ынануу ыймандын шарты. Намаз - диндин тиреги. Намазын үзгүлтүксүз, так жана толук окуган адам динин, Ислам имаратын түптөн тургузган болот, ал эми намаз окубаган адам Ислам имаратын, динин кулаткан болот. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” айтты: «Динибиздин башы – намаз». Башсыз адам болбогон сыяктуу эле, намазсыз да дин болбойт. Намаз Ислам дининде ыйман келтирүүдөн кийин фарз кылынган алгачкы буйрук. Аллаху таала пенделеринин өзүнө гана ибадат кылуулары үчүн намазды фарз кылды. Курани каримде жүздөн ашуун аятта «Намаз окугула!» деп айтылат. Ал эми бир хадиси шарифте: «Аллаху таала күнүгө беш маал намаз окууну фарз кылды. Маани берип, шарттарына ылайык күн сайын беш маал намаз окуган адамды Жаннатка киргизерине Аллаху таала сөз берди», - деп айтылат.


FOLLOW US

https://www.islamiyetveehlisunnet.com/book-list.html?tp=274